Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылында мыйзамсыз пайдубал куюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Салтанат Мамбеталиева аттуу жаран уруксаты жок, айыл чарба багытындагы жерге өз билемдик менен курулуш иштерин баштаган. "Бул мыйзамсыз иш-аракеттер инспекторлор тарабынан токтотулуп, аталган аялга административдик айып салынды. Учурда чогултулган материалдар топтолуп, укуктук баа берүү үчүн Сокулук райондук сотуна жиберилди", - деп айтылат маалыматта.