Казакстанда ооруканалардын биринин кызматкерин барымтага алган адам атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда окуя кечээ, 14-март күнү саат 19:00 чамасында Актөбө шаарындагы ооруканалардын биринде болгон. Анда 24 жаштагы жаран ооруканага жашынып алган аялын чыгарып берүү талабын коюп, бир кызматкерди барымтага алып алган. Укук коргоо органдары аны менен 5 саатка жакын сүйлөшүү жүргүзгөн, бирок көнбөгөндүктөн атып өлтүрүлгөн. Барымтага алынган аял жабыркаган эмес, азыркы тапта ага психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.
Айрым маалыматтар боюнча, 24 жаштагы жаран 7-март күнү аялы менен ажырашып кеткен. Ал ошол эле күнү аялын өлтүрүү үчүн ата-энесинин үйүнө барып, кайненесин бычак менен сайган.