ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: Белгилүү обончу Исирадин Аманбаев 53 жашка толду

Белгилүү обончу Исирадин Аманбаев 53 жашка толду. Ал 1964-жылы 16-мартта Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында туулган. 1980-1984-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетинен, 1988-1995-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясынын композитордук бөлүмүнөн билим алган.

Ал эми 1984-1988-жылдары орто мектептерде мугалим, 1995-1998-жылдары кыргыз-түрк лицейинде искусство бөлүмүнүн башчысы, 1998-2001-жылдары Билим, илим жана маданият министрлигинде жетектөөчү, башкы адис, 2000-жылдын 8-майынан 28-июнуна чейин Анкара шаарында ТҮРКСОЙдун чакыруусу менен такшалмадан өтүп, түрк тилин үйрөнүүнүн толук курсун аяктаган. 2001-2003-жылдары Ош облусунун Маданият департаментинин директору, 2003-2007-жылдары Ош облустук Маданият башкармасынын башчысы, 2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, 2008-жылдын 18-мартынан Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министринин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси болуп иштеген.
Ал симфониялык жана камералык чыгармалардын, көптөгөн обондуу ырлардын автору. 1992-жылы Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты болуп, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган. 2006-жылы ага "Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги" төш белгиси берилген.
И.Аманбаев "Кайдасың сен, Нестан Дарежан", "Ай жарык", "Ай, гитара", "Мөл булак", "Жетиген", "Соң-Көл баяны", "Кошуна кыз" аттуу белгилүү ырларды жараткан.

16-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан