Майлуу-Суу шаарында жер кыртышы сүрүлүп, турак жайларга коркунуч жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Восточный көчөсүндөгү колоттун баш жагынан 700-800 миң метр куб жер кыртышы сүрүлүп, 6 турак жайга 2 метр жетпей, 2 үй-бүлөнүн короо-сарайларына коркунуч жараткан.
Ошондой эле Көпүрө башы тилкесиндеги Горький көчөсүндөгү №40-турак жайдын арт жагынан көлөмү 300-400 миң метр куб жер сүрүлгөн. Андан сырткары Горький көчөсүндөгү №45-турак жайдан 20 метр ылдый булак суусу чыгып, анын кесепетинен көлөмү 100-150 миң метр куб жер кыртышы сүрүлүп үстү жагындагы 2 турак жайга кооптуу абал алып келген.
"Шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы жерине барып, ошол жерде жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу кооптуу жайга көчүрүү, күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, ар дайым көзөмөлгө алып, ошол жерде жашаган тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.