16-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук беттештери 2 оюн менен жыйынтыкталды. Европанын мыкты 8 командасынын катарын “Монако” менен “Атлетико” толуктады.
"Монако" (Монако) - "Манчестер Сити" (Англия) - 3:1
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 3:5
Голдор: Мбаппе (8-мүнөттө), Фабиньо (29-мүнөттө), Бакайоко (77-мүнөттө) – Сане (71-мүнөттө)
Аталган эки команда жооптук беттеште да кызыктуу футбол тартуулашты. Үй ээлери алгачкы мүнөттөн тарта чабуулда гана болуп, “Ситинин” айласын кетирди. Жыйынтыгында алгачкы он мүнөттүн ичинде бир катар кооптуу абалдарды жасашып, анда 18 жаштагы Мбаппе эсепти ачты. “Монакодон” ортоңку бөлүктө оюн алып барган Бакайоко менен Фабиньо коноктордун чабуулдарына ийгиликтүү бөгөт коюп жатышты. Ошол эле Фабиньо капталдан келген пасты дарбазага таамай багыттады. Эсеп 2:0.
Гвардиола тыныгууда өз футболчуларына дем берип, Стерлинг жана Агуэро бир катар мүмкүнчүлүктү кетиришти. 71-мүнөттө Лерой Сане айырмаланып, англиялык клуб чейрек финалга кадам шилтегендей болгон. Бирок Томас Лемардын көтөрүп берүүсүн Бакайоко башы менен сокку узатып, “Монакого” жеңиш алып келди. “Монако” конокто үч гол киргизгендиги үчүн чейрек финалга бет алды.
“Атлетико” (Испания) - “Байер” (Германия) – 0:0
Биринчи беттештин жыйынтыгы – 4:2
Леверкузендик “Байер” үйүндө ойногонуна караганда конокто мыкты оюн көргөзө алды. Анда 1-таймда эле гол киргизүүгө бир катар мүмкүнчүлүктү кетирди. Мадриддик “Атлетико” буга өзүнүн кооптуу абалдары менен жооп берип жатты. Бирок эки команданын дарбазачылары мыкты экендигин көргөзүштү. Ян Облак да, Бернд Лено да өз дарбазасына бир дагы гол киргиздиришкен жок.