Алай районунун Терек айылынын жашоочусуна карышкыр кол салды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 15-март күнү эртең менен болгон. Анда жергиликтүү тургун ити улуганынан сыртка чыгып, короо жакты көздөй басканда ага карышкыр кол салган. Денесинен бир канча жаракат алып, карышкырдан эптеп бошонгон жаран дароо чек арачыларга кайрылган. Фельдшер жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Нура айылындагы ооруканага жеткирген.
Ошол эле күнү тургунга кол салган карышкыр чек арачылар тарабынан жок кылынган.