Бүгүн, 16-мартта порталыбыздын "Кинозал" бөлүмү "ЖинМэн" тасмасы менен толукталды. Тасманын сценарийин жазган Рысбек Жабиров, ал эми режиссёрлору Нурлан Мирзаматов жана Эрмек Исмаилов.
Нурлан Мирзаматовдун айтымында, тасма коммерциялык болгондуктан 4 айда тартылган. Анын жалпы бюджети 15 миң доллардай болгон.
"Тасма менин толук метраждуу дебюттук ишим болду, бирок командада профессионалдар бар болуп, кыйынчылык көп байкалган жок. Тасманын тартуусуна салым кошкондорго, бизге колдоо көрсөткөндөргө ыраазымын", - деп баштады өз сөзүн режиссёр.
"Тасманы кыш мезгилинде тартканыбыз үчүн бир аз оор болду, өзгөчө керектүү деңгээлде жарыктандырып тартуу жагынан. Тасмадагы каарман клубда бийлемек, ошого керектүү жай таппай, борбордогу барлардын бири бизге имаратын берген. Ал эми өзгөчөлүктү биз компьютердик графика менен эмес, чыгармачылык менен берүүгө аракет кылдык. Мисалы, тасмада өлгөн кишинин күнөөсүн бейишке барганга чейин арылта турган жер тууралуу кадрлар бар. Биз ошол жерди кандай кылып тартсак болот деп, чыгармачыл топ көпкө ойлондук. Ошондо Рысбек Жабиров башкы каарман менен Жинди түбүн лава каптаган жарда жолуктурууну сунуштады. Ал идеяны ишке ашырдык.
Учурда жаштар жашоосун бекер кетиришет, коомчулукка пайдасы жок. Ата-энеси бай болсо ого бетер убакытын жөн эле кетиришет. Тасмада Жин адамдын абийири катары көрсөтүлөт. Динди кийлигиштирбей, юмор менен аралаштырып азыркы жаштарды адепке, ыйманга чакыруу максатта тартылды", - дейт Н.Мирзаматов.
"ЖинМэн" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.