Ат-Башы районунда мал уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ат-Башы РИИБи тарабынан кылмышка шектүү катары 41 жана 46 жаштагы эки жаран кармалган. Алар түнкүсүн сарайларга кирип, мал жандыктарын уурдап кетип жүрүшкөн. Тергөө алардын мал уурулук боюнча 8 фактыга катыштыгы бар экенин далилдеди. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.