Бишкекте тайбоксу боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

23-марттан 26-март аралыгында Бишкек шаарында тайбоксу боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, мелдештин башкы максаты өлкөдө тайбоксту өнүктүрүү, спортчулардын чеберчилигин арттыруу жана өлкөнүн мыкты тайбоксчуларын аныктоо болуп саналат.

Маалым болгондой, мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагынан келген спортчулар катышат. Эркектер 14 салмак категориясында (45кг, 48кг, 51кг, 54кг, 57кг, 60кг, 63,5кг, 67кг, 71кг, 75кг, 81кг, 86кг, 91кг жана 91кг жогорку) күч санашат. Ал эми кыз-келиндер 11 салмак ченинде (45кг, 48кг, 51кг, 54кг, 57кг, 60кг, 63,5кг, 67кг, 71кг, 75кг, 81кг) мелдешке катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан