Америкалык актёр Бен Аффлек аракечтиктен дарыланып жатканын жарыялады

Америкалык актёр жана режиссёр Бен Аффлек аракечтиктен айыгуу үчүн дарылануу курсунан өтүп жатат. Ал мындай купуя сыры менен Фейсбук баракчасы аркылуу күйөрмандары менен кечээ, 15-мартта бөлүштү.

"Мен аракечтиктен арылуу үчүн дарылануу курсунун 1 бөлүгүн аяктадым. Буга чейин да күрөшүп келгем, эми дагы да ичимдик менен күрөшүүнү улантам. Мен толук кандуу адам катары жашоону жана балдарым үчүн жакшы ата болууну каалайм", - деп жазат 44 жаштагы актёр. Бен Аффлектин 1 гана дарылануу курсунан өткөнүн жазганына караганда анын ичимдиктен көз карандылыгы бир топ стадияга барып калган.

Январь айынын аягында Аффлек "Бэтмен" тасмасынын жаңы бөлүгүнө актёр катары катышып, ошол эле учурда режиссёр болуудан баш тарткан. "Мындай иш үчүн ой токтотуп, бардык күчтү жумшап киришүү керек. Мен андай күчкө азырынча ээ эмесмин", - деген. Бирок режиссёрлуктан баш тартканы менен, продюсерлик кылууга макул болгон.

Маалымат үчүн: Америкалык актёр жана режиссёр Бен Аффлек "Акылдуу Уилл Хантинг", "Перл-Харбор", "200 сигарет", "Армагеддон", "Жерсилик бийкеч", "Бэтмен" сыяктуу белгилүү тасмаларда роль жараткан. Көпчүлүк аны атактуу ырчы жана актриса Женнифер Лопесдин мурдагы жолдошу катары да жакшы таанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Samash-87
2017-03-16 19:27:03
Бул го актёр экен биздин ХХХ таштайт экен
+16
Alibay
2017-03-16 19:28:49
Samash-87,куюп бергенсийсин го)))
-10
Jako18
2017-03-16 20:14:45
Samash-87, тетурамдан тамагына кошуп бериш керек аракка болгон муктаждык азаят ))))
-1
Namystan
2017-03-16 21:23:35
Samash-87, сен онолгондо
-5
Nur1k
2017-03-17 06:09:25
Samash-87, анан дагы кыргыздар мал десе чычалайбыз. Жазганы карачы доодур
-1
admin_portal
2017-03-17 09:07:01
Samash-87, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз.
0
HypcylTAH
2017-03-16 20:36:03
Шаршеновичтин кандай тийешеси бар бул кабарга?
Башчы кандай болсо эли да ошондой болот дегендей олупсунор баарын!
+4
panda7
2017-03-16 21:16:43
Намек жакшы болуптур бирок.Окуп арекет кылса экен
+1
kechirmeni
2017-03-17 09:29:25
Президент болобу актер болобу бомж болобу ким болсо да ичкендерге Кудайым баарына ынсап берсин ден соолук берсин!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан