Аламүдүн районундагы кампада өрт чыгып, бир адам каза болду

Аламүдүн районунун Ленинское айылындагы кампада өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат бүгүн саат 06:38 чамасында келип түшкөн. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барышып, тилсиз жоону өчүрүшкөн. Өрттүн кесепетинен “Астория” соода комплексинин артында жайгашкан кампада диван, китептер, 25 чарчы метр жыгач пол күйгөн. Өрт болгон жерден 80-85 жаштагы эркек адамдын күйгөн жансыз денесин алып чыгышкан. Каза болгон жарандын өздүгү жана өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан