Футбол боюнча 23 жашка чейинки улуттук курама команда 6-апрелден 15-апрелге чейин Бангладеште өтө турган “Bangabadhu Gold Cup” мелдешине катышат. Футбол федерациясы билдиргендей, мелдешке 8 команда катышат.
Анда Бахрейн, Камбожа, Индонезия, Афганистан, Непал курама командалары жана Өзбекстан, Бангладеш, Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасынын футболчулары күч сынайт. Оюндар Дакка шаарынын Улуттук стадионунда өтөт.