Бишкекте унаа уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2-марттан 3-мартка караган түнү Рыскулов көчөсүндө болгон. Анда белгисиз адамдар көчөдө токтоп турган унааны айдап кетишкен.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 30 жаштагы эки жаран кармалды. Азыркы тапта алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.