Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргыз жараны 19 жаштагы Казыбек уулу Максуд адам өлтүрүү жана уурдоо боюнча айыпталып, 12 жыл 9 айга кесилди. Бул тууралуу аталган шаардын Киров районунун прокуратурасына таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 2016-жылдын 9-сентябрында түнкүсүн болгон. "18 жаштагы Артем Е. менен мас абалдагы Казыбек уулу Максуддун ортосунда чыр чыккан. Максуд Артемдун ичине бычак сайып, телефонун уурдап качып кеткен. Сотто Максуд күнөөнү моюнуна алып, кылмыш жасаганда мас абалда болгонун айтты. Соттун өкүмүнө ылайык, ал каза болгон баланын энесине моралдык зыянды компенсациялоо үчүн 1 миллион 500 миң рубль төлөөгө жана жерге көмүү иштерине 104 миң 415 рубль төлөөгө милдеттендирилди", - деп айтылат маалыматта.