Мындан 119 жыл мурун, 1898-жылы 17-мартта сөзү Жованни Капурро, обону Эдуардо ди Капуа тарабынан жазылган италиялыктардын атактуу "`O sole mio" чыгармасы жарык көргөн. Неополитан тилинде жазылган бул ыр кыргыз тилине "Менин күнүм" деп которулат. Бул чыгарманы убагында Энрико Карузо, Марио Ланца, Лучано Паваротти, Пласидо Доминго, Андреа Бочелли, Патрицио Буанне, Франко Корелли, Робертино Лоретти, Кристофер Ли сыяктуу белгилүү ырчылар аткарышкан. Ыр дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
17-мартка карата жылнаама.