16 жыл мурун Чүй облусундагы абактардын биринде жер алдынан жашыруун өтмөк казып, качып кеткен жаран кармалды

16 жыл мурун Чүй облусундагы абактардын биринде жер алдынан жашыруун өтмөк казып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда 2001-жылы сентябрь айында Молдовановка айылындагы №1-түзөтүү абагында 1964-жылы туулган Анатолий Федеров башка соттолуучулар менен жер алдынан жашыруун өтмөк казышып, ал аркылуу абактан качып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Арадан көп убакыт өтпөй Анатолий Федеров 2002-жылдын январь айында Орусиянын Алтай аймагында каракчылыкка шектүү катары кармалып, 15 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылдын 7-мартында ал жазасын толук өтөп бүтүп, Кыргыз Республикасына экстрадицияланган. Федеров "Манас" аэропортуна келери менен кармалып, Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилген.

Анатолий Федеров абактан качканы үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле ал мурда өтөбөй качып кеткен 16 жылды да абакта өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Munar8625
2017-03-17 15:57:00
кыскасы анатолийге кун жок экенда.
+24
AKCHA
2017-03-17 16:29:59
Качып кайда барасын
+1
Ronaldo.99
2017-03-17 16:51:09
побег из тюрма
+6
Hatali
2017-03-17 16:53:50
Ангектен качсан донгоко болуптур да..
+8
satarovkubacom
2017-03-17 17:14:42
Бешенеси жок экен байкуш)) Журо бербейт беле Алтайда))
+6
almazbei
2017-03-17 17:48:54
Озунчо китеп жазыш керек экен бул ХХХ.
+4
renat-KG
2017-03-17 21:31:59
"Побег из тюрма деген" кино ушулардан алынганго дейм))
+3
Badu88
2017-03-17 21:41:46
Байкушка кыйын эле болуптур тооба кылдым сабыр берсин Кудайым
+1
kayratbek81
2017-03-17 23:27:51
Кыйын болуптур байкушка, кылган куносун башы менен тартыш керек
+1
attokur91
2017-03-18 12:36:18
Кыйын адам экен
0
suymon
2017-03-19 12:06:23
Дагы 20 жыл берсе 80 деги аксак ал болуп чыгат екен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан