Мындан 17 жыл мурун, тактап айтканда 2000-жылы, 17-мартта Чыгыш Африкада жайгашкан Уганда мамлекетиндеги "10 осуятты калыбына келтирүү кыймылы" сектасынын мүчөлөрү чиркөөдө өздөрүн өрттөп жиберишкен. Окуя Канунгу шаарында орун алып, натыйжада 500дөн ашуун адам набыт болгон. Андан бир күн мурда аталган диний агымдын мүчөлөрү достору менен коштошуп, жакында алардын кудайы өздөрүн асманга алып кетерин айтышкан. Курман болгондордун жарымы кичинекей балдар болушкан.
17-мартка карата жылнаама