Милиционерди унаасы менен сүзүп алган УКМК кызматкери СИЗОго отургузулду

Милиционерди унаасы менен сүзүп алган УКМК кызматкери СИЗОго отургузулду. Мындай баш коргоо чарасын Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды.

Эске салсак, 6-март күнү кечинде Бишкекте Чыңгыз Айтматов көчөсүндө АКШ элчилигинин жанында жол четинде курчоодо турган Октябрь РИИБинин кызматкерин УКМКнын 9-кызматынын кызматкери унаасы менен сүзгөн. Бул маселе парламентте көтөрүлгөндө Башкы прокуратуранын өкүлү айдоочуга карата кылмыш иши козголгонун билдирген. Алдын ала маалыматтар боюнча, УКМК кызматкери мас абалында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2017-03-17 19:53:40
"Оздорунчо" суйлошот го эми.
+4
scorp
2017-03-17 22:04:59
админ 9-кызмат кандай тушунсок болот?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан