Бүгүн, 17-мартта Швейцариянын Ньон шаарында Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын чүчү кулагы ташталды. Анда 8 команда өз атаандаштарын билишти.
Чейрек финалдык оюндар:
"Атлетико" (Испания) – "Лестер" (Англия)
"Боруссия Дортмунд" (Германия) – "Монако" (Франция)
"Бавария" (Германия) – "Реал" (Испания)
"Ювентус" (Италия) – "Барселона" (Испания)
Биринчи оюндар 11-12-апрелде, жооптук беттештер 18-19-апрелде өтөт.