ЖЫЛНААМА, 18-МАРТ: Бүгүн орусиялык эгиз актрисалар Татьяна жана Ольга Арнтгольцтор 35 жашка толушту

Эгиз эже-сиңди актрисалар Ольга жана Татьяна Арнтгольц Калининградда төрөлүшкөн. Татьяна Ольгадан 20 мүнөткө улуу.

Эже-сиңдилер 1999-жылы М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тапшырышып, 2003-жылы аякташкан.
Татьяна Арнтгольц алгач "Жөнөкөй чындык" сериалында роль жараткан. Андан соң "Некст" сериалы, кийин Никита Михалковдун "Тирешүүлөр" ("Противостоянии") ж.б. фильмдеринде ойногон.
Ал эми Ольга Арнтгольц эң биринчи "Үчөө бардыгына каршы" ("Трое против всех") сериалында ойноп, кийин "Унутпа" ("Не забывай"), "Барбинин тою" ("Свадьба Барби"), "Ысык Ноябрь" ("Жаркий Ноябрь"), "Тирүү" ("Живой") тасмаларында роль жараткан.
Эгиздер орус сериалдары аркылуу коомчулукка жакшы таанымал. "Чабалекейдин уясы" ("Ласточкино гнездо") тасмасына тартылуу учурунда Татьяна Арнтгольц бир сериясында ооруп калып, ордуна Ольга тартылганы айтылып жүрөт. Көрүүчүлөр сериалдын кайсы бөлүгүндө Ольга менен алмашканын байкашкан деле эмес.
18-мартка карата жылнаама
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jany-aryk
2017-03-18 19:49:58
Иий мен суйгон актрисаларгоо туулган кунунор менен кутуктаайм
+2
Kroxa
2017-03-18 23:03:31
Брак по завещание деген сериалы да жакшы...
+1
Fidel
2017-03-19 00:15:22
Супер инфо,Анда биринчи Татьяна Ольга Арнтгольц деп жазылат! Силер болсо(мисалы)Зуура Батма Сатарова деп койгонсунар, билишимче Асан Усон Батма Зуура болот,же силерде биринчиси 20 мин кийин торолгону биринчи айтылабы?! Жакшы актрисалар, и все таки люблю деген серианы мыкты ойногон Татьяна Арнтгольц.
0
Altaibek
2017-03-19 01:08:10
Куттуктайм!
0
bond0202
2017-03-19 05:58:39
фигураны берген экен экооно тен
0
Siren.ms
2017-03-19 14:47:09
бирок экоону айырмаласа болот коздорунон мен Татьянанын кинолорун жакшы коргонум учун экоону жакшы айырмалай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан