Бүгүн, 18-мартта сөз эркиндигине байланыштуу жөө жүрүштө кармалгандарды Свердлов райондук сотунан белгисиз жакка алып кетишти. Бул тууралуу кармалгандардын бири Мавлян Аскарбеков билдирди.
Анын айтымында, судья кармалгандар боюнча чыгарылган чечимин окуган эмес. Бул боюнча коомдук ишмер Эдил Байсалов "административдик камоо болушу мүмкүн" деди.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова бул аракет мыйзам бузуу экенин айтты. "Сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш мыйзамдуу болгон, эч бир эрежелерди бузбай соттун чечимине ылайык өткөн. Анткени соттун чечими болгон экен, Толстой көчөсүнө чейин тротуарда жүрсүн деген. Ошол жерде акциянын катышуучуларын кармап кетишти. Соту болот деп келдик эле аларды көрсөтпөй башка эшик менен алып кетишиптир. Ушундай сценарийге көнүп алды окшойт бийлик дагы. Көргөзбөй сот отурумдарын жүргүзүп, сот чечимдерин чыгарып, көргөзбөй алып кетүүнү адат кылышты. Мунун баары мыйзам бузуу. Акыйкатчынын орун басары келди, балдарды кайсы жерге алып кеткен болсо, барып кабар алгыла дедик", - деди Салянова.
Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко бул иш аракет одоно мыйзам бузуу экенин айтып, акыйкатчыга кайрылыш керектигин айтты. Акыйкатчыга телефон чалса албай койду.
Эскерте кетсек, бүгүн коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, журналисттер сөз эркиндигине байланыштуу жөө жүрүшкө чыгышкан. Байтик баатыр көчөсү менен келе жатып Бөкөнбаев көчөсүнө жеткенде 7 адам "коомдук тартипти бузду" деп ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Алар менен кошо кармалган депутат Каныбек Иманалиев менен Би-Би-Синин журналисти бошотулган эле. Бишкек ШИИББи милиция кызматкерлери тарабынан кармалган 5 жаран боюнча материалдар Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилерин кабарлаган.