Өзгөндө чагылган түшүп, мал сарай жана 30 кой күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, чагылган 18-март күнү саат 21:08 чамасында Куршаб айыл аймагынын Шагым айылына түшкөн. Анын кесепетинен өрт чыгып, мал сарайдын чатыры, 200 түк чөп, бир уй, отуз кой күйүп кеткен.
Алдын-ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркап, каза болгондор жок.