ЖЫЛНААМА, 20-МАРТ: КРнын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова 76 жашка толду

Мындан 76 жыл мурун, 1941-жылы 20-мартта Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган.

Чыгармачылыкка 1966-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетин бүткөндөн кийин келген. Ошондо опера жана балет театрында Дарика Жалгасынованын эмгек жолу башталып, ал жакта 1978-жылга чейин иштеген. Сахнада театрды түптөгөн Бейшеналиева, Кийизбаева, Малдыбаев, Жумакматов, Давлесов, Молдобасанов сыяктуулар менен бирге ырдап такшалган. 1978-жылы А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестрге солист болгон. Жалпысынан искусствого 45 жыл кызмат кылган. Дарика Жалгасынова опера ырчысы гана эмес, акын катары да белгилүү. Баш-аягы 5 китеп жаратып, акыркысы "Триумф жана трагедия" деп аталган. Ал театр өнөрүнүн устаттары тууралуу 600 беттүү көлөмдүү чыгарма. Анда 20-кылымда опера жана балет театрында, улуттук филармонияда, кыргыз драма театрында эмгектенген улуу инсандар жөнүндө жазылган.
20-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан