Өткөн суткада өлкөдө 11 өрт кырсыгы катталып, Ноокат районунда 2 тонна чөп күйдү

Өткөн суткада өлкөдө 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

19-март күнү саат 08:00 чамасында Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагында турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 140 чарчы метр чатыры, 2 тонна чөп, 100 чарчы метр жыгач шыбы, 6 даана терезе, муздаткыч, төшөнчүлөр күйгөн. Өрт электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушунан чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан