Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалчылары аныкталды. Көк бөрү федерациясы билдиргендей, Бишкек шаарындагы «Аккула» ат майданында 19-мартта жарым финалдык оюндар өттү.
Маалым болгондой, биринчи жарым финалдык оюнда Таластын «Ынтымак» командасы «Мурас» (Сокулук) командасын 16:9 эсебинде жеңген. Ал эми Оштун «Достук» командасы «Сокулукту» 7:5 эсебинде утту.
Финалдык оюн 21-мартта өтөт. Анда «Ынтымак» менен «Достук» кез келет.