Мындан 71 жыл мурун, 1946-жылы 21-мартта атактуу тыңчы Жеймс Бонддун образын жараткандардын бири, англиялык актёр Тимоти Далтон Улуу Британиянын Уэльс аймагындагы Колуин-Бэй шаарында туулган. 1964-жылы Тимоти Далтон мектепти аяктап, 18 жашынан баштап театрда иштей баштаган. 3 жыл катары менен Улуттук жаштар театрында негизги актёр болуп, андан соң Бирмингем театрында иштей баштаган. Ал эми эң алгачкы тасмадагы ролу "Арстан кышында" ("Лев зимой") тасмасында болгон.
Тимоти Далтонду көпчүлүк "Жейн Эйр" тасмасындагы ролу жана Бонддун образы аркылуу тааныган. Ал эми 2010-жылы актёрду Флориан Хенкель фон Доннерсмарктын "Турист" тасмасынан көрүүгө мүмкүн болгон. Көп жылдан бери тасмага тартыла элек Далтондун тасмага тартылууга макул болгонун келишимдүү Анжелина Жолиге байланыштырышкан.
Тимоти Далтон түнт болуп, анын жеке жашоосуна кийлигиштиргиси келбегендиктен, ал тууралуу маалымат аз. Ал орусиялык актриса, ырчы, модель, композитор Оксана Григорьева менен жашаганы менен, расмий түрдө баш кошушкан эмес. 1997-жылы алар Александр аттуу уулдуу болушкан. Далтон аны менен көп убакыт өткөрөрү маалым.
Бирок 2007-жылы Оксана Григорьева швед миллионери Петер Бломквист менен байланышы бар экени ачыкталып, Тимоти Далтон экөө эки башка жолго түшүшкөн.