Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары жүрүп жатат. Көк бөрү боюнча 3-орундун жеңүүчүсү деп Чүй облусунан келген "Сокулук" командасы табылды. Алар Талас облусунан келген "Мурас" командасын 9:3 эсебинде жеңип алышты.
Саат 14:30да көк бөрү боюнча финалдык оюндар башталат. Анда 1-орун үчүн Ош облусунан келген "Достук" менен Талас облусунан келген "Ынтымак" беттешет.
Айта кетсек, көк бөрү боюнча мелдешке жалпысынан 12 команда катышкан. 1-орунга 350 миң сом, 2-орунга 250 миң сом, 3-орунга 150 миң сом берилет.