Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары жүрүп жатат. 2 жаштагы күлүктөрдүн 1200 метрге болгон жарышында "Асанбек Ата" жылкы заводунан келген Шумкар аттуу күлүк биринчи келди. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун Резвия аттуу күлүгү экинчи орунду, Канат Дөлөтбаковдун Делвин аттуу күлүгү үчүнчү орунга ээ болду.
1 600 метр, 3 жаштагы күлүктөр:
1-орун Айкашка, Аликбек Жунусов
2-орун Карагат, "Асанбек Ата" жылкы заводу
3-орун Зымрык, Арстан Акунов
1 800 метр, 4 жаштагы күлүктөр:
1-орун Командор, Канат Дөлөтбаков
2-орун Харпаган, Эдил Касенов
3-орун Лакитомас, Миржан Мураталиев
Кунан жорго:
1-орун Греция, Жаныбек Мырзабаев
2-орун Фортуна, Жаныбек Мырзабаев
3-орун Павлина
Кунан чабыш:
1-орун Флеш, Ильшат
2-орун Тулпар, Каныбек Бегалиев
3-орун Бак тору, Ниязбек Өмүрбеков
Бышты жорго, 6 600 метр:
1-орун Герда лок, Бактыгул Темирбек уулу
2-орун Праго, Арстан Акунов
3-орун Файэр, Жаныбек Мырзабаев
Топ байге, 13 200 метр:
1-орун Боб, Куттубек Узгенов
2-орун Гордый, Мелис Турганбаев
3-орун Щустрая, Жумадил Куманов
Жорго, 8 800 метр:
1-орун Вулкан, "Ашырбек Ата" жылкы заводу
2-орун Ганг, Алибек Жунусов
3-орун Акжолтой, "Асанбек Ата" жылкы заводу
Аламан, 18 000 метр:
1-орун Хан күрөң, "Асанбек Ата" жылкы заводу
2-орун Таң сулуу, "Асанбек Ата" жылкы заводу
3-орун Рекорд, Максат Тезекбаев