“Манчестер Юнайтеддин” футболчусу Бастиан Швайнштайгер карьерасын АКШда улантат

Англиялык “Манчестер Юнайтед” командасында ойноп келген немис футболчу Бастиан Швайнштайгер эми карьерасын АКШда улантат. Ал аталган өлкөнүн “Чикаго Файр” командасы менен бир жылдык келишим түздү. Анын маянасы 4,5 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.

Бастиан Швайнштайгер Германия курама командасы менен 2014-жылы Дүйнө чемпиондугун жеңип алган. 2015-жылы “Бавария” клубунан “Манчестер Юнайтедге” өтүп, жаракатынан улам негизги оюнчу боло алган эмес. “МЮга” Жозе Моуриньонун келиши менен Швайнштайгер быйылкы сезондо 4 оюнга гана чыгып, бир жолу айырмаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitbek.06
2017-03-21 14:56:17
Мыкты оюнчу
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан