Көк бөрү. Финал. Ынтымак (Талас) 8:7 эсеби менен Достукту (Ош) жеңип, чемпион болду

16:35. Оюн аяктады. Ынтымак (Талас) 8:7 эсеби менен Достукту (Ош) жеңип, "Нооруз-2017" көк бөрү боюнча мелдешинин чемпиону болду.

Айта кетсек, бул мелдешке жалпысынан 12 команда катышкан. 1-орунга 350 миң сом, 2-орунга 250 миң сом, 3-орунга 150 миң сом берилет.

16:19. 3-тайм соңуна чыкты. Оюн тең эсеп менен аяктаганына байланыштуу кошумча 10 мүнөт убакыт берилет.

16:13. 3-тайм болуп жатат. Азыркы убакытка карата эсеп теңелди: Достук (Ош) 7:7 Ынтымак (Талас).

15:53. 2-тайм соңуна чыкты. Бул убакыттын жыйынтыгы менен "Достук" 6:4 эсеби менен алдыда келе жатат.

15:50 Ат майданда адамдардын саны абдан көп. Ал жакта жалгыз гана Бишкек шаарынын тургундары эмес, атайын оюнду көрөбүз деп өлкөнүн бардык аймактарынан келген адамдар да бар. Болжол менен ат майдандагы көрүүчүлөрдүн саны 23 миңге чукул дешүүдө. Көрүүчүлөр улак тартыш оюну өтүп жаткан майданга чейин чыгып кетишти. Улакчылар атты башкара албай адамдарды тебелетип кетиши толук мүмкүн болгон абал түзүлүп жатат. Мындан улам Бишкек шаары, дегеле өлкө кенен жана заманбап ат майданга муктаж экени билинип турат.

15:46 Көк формачан оюнчулар Талас облусунун "Ынтымак" командасы. Ал эми кызыл кийимчендер Ош облусунун "Достук" командасынын оюнчулары. Учурда Оштун "Достук" командасы 1 ирет Таластын тайказанына улак таштады. Бирок абал талаштуу болуп жаткандыгына байланыштуу калыс ташталган упайды эсептөөнү чечүүдө.

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештин финалы өтүүдө. Азыркы тапта 2-таймда Талас облусунан келген "Ынтымак" командасы Ош облусунан келген "Достук" командасын 4:3 эсеби менен жеңип жатат.

Буга чейин көк бөрү боюнча 3-орун үчүн болгон оюнда Чүй облусунан келген "Сокулук" менен Талас облусунан келген "Мурас" кез келип, чүйлүктөр 9:3 эсебинде жеңип алган.

Көк бөрү. Эсеп 8:7. Ким жеңди?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Best.bakyt
2017-03-21 16:22:41
Ынтымак-алгаааааа Оштон калбааа
-1
adimyrza
2017-03-21 16:24:36
Элибиз тартипти сактабананы журокту орутат арканын устуно чыкандарга чара коруш керек,а оюнга келсек кучтуулор женсин Алга Кыргызстан
+5
zamir.pochta
2017-03-21 16:42:29
Достук алгааапп
0
bond02
2017-03-21 16:43:02
Аркага туу сайган бала баарын женди.
+1
jake91
2017-03-21 16:49:29
не честный болуп калды тартып койду
-5
A9n77BAIKEEV
2017-03-21 17:42:59
Азаматсынар ар дайым ийгилик устундо жургуло
0
Amirov-kutman
2017-03-21 17:49:22
Достук азаматтар
+5
kenjebek_a
2017-03-21 18:09:29
Алмашкан судя таластан.Туурасы ошол судя тартып койду.Достуктун почти эки упайын жок кылды.Бул эки команда кыргыздын намысын коргогон Эр азаматтар.Казактарды ыйлаткан.Эми озубуздо калыстык болсо жакшы болмок.
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-21 18:23:57
Маймылдар бияктале калыптыр ))) тамаша албетте
-1
Jentelman
2017-03-21 20:40:00
Bolunbo.kyrgyz,Мына,бул биздин жузубуз!
Эми маймылдай болуп чыгап алганы маданиятты сыйлабагандык,озулорунун коопсуздугун ойлобогондук.
Бул ошол орун жетпей калганы.Аны мамлекет камсыздар коп орунду кылып салып бериш керек эле.
-1
dasta
2017-03-21 18:33:25
[moderated]ка качан жуктолот екен толук коройун дедим еле
0
arawan
2017-03-21 19:33:34
талас алга утулгандан кийин судьяны шылтоо кылбагыла да дагы жакшы бактияр жабагиев ойногон жок ойносо разгром кылмак ошту талас 10мунот берилди ошондо салсанар болмок кыйын болсонор
+1
Jentelman
2017-03-21 20:45:29
Дагы бир нерсе:Бир убакта жаш эле эже (милиция кызматкери) берки беттен аркы бетке отту эле,ошол аркы бетке жеткиче эл кыйкырып,ышкырып (абышкасы деле жашы деле) тигил эжени ынгайсыз кылып койушту.Урматтуулар өзүбүздүн мусулман экенибизди эмтей жүрсөк.Ал деле бирөөнүн кызы,бирөнүн эжеси да.
-1
izdeim_seni
2017-03-21 22:17:05
Уррааааааааа!Таластын жигиттери мен силерди сүйөм.Силердин карындашыңар болгонума кубанычтамын!Азаматсыздар!Ар дайым намысты ушинтип колдон алдырбаңыздар.Сүйөм,сүйөм баарыңарды!
-1
Erlan_95
2017-03-21 23:37:28
izdeim_seni,э карындашым судятартып коюптур явно таласка 1улакты эсептебей коюшту вопши не чесный болду!!!!
-5
Beksultan_KG...
2017-03-23 00:51:29
Erlan_95,ал гол киргенде судья Таластан эмес болчу тем более аут чыгып кеткен ошондой кыйын патриот болсон ошол жерге барып колдобойт беленер ал жерде жалан таластыктар колдоп дем беришти да.
0
friendwipkg
2017-03-22 17:10:07
таластыктарга манастын духу тартып койду.
+1
Azatbek83
2018-03-20 13:32:06
Эл кантет темир конструкция сынып кетсе эмне болот?! Кыргыздын футболу экен фанаттарын кара!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан