Мындан 26 жыл мурун, 1991-жылы 21-мартта ырчы Нооруз Алымбаев Жалал-Абад облусунун, Тогуз-Торо районунда туулган. Ал бала кезинен ырдаганга кызыгып, ырчы болууну кыялданчу. Мектепте кечелерде ырдап, кийинчерээк "Ак марал" бий ансамблинде бийлеген. Чоңойгондо ырчылык жагып, ушул кесипке токтолгон. Мектепти аяктагандан кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктап, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн. Көпчүлүккө казактардын "Көк жөтөл" аталышындагы элдик ырын кыргызча ырдап таанылган.
Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланыштык. Нооруз Алымбаев бул жылкы туулган күнүн жумушунда, андан соң достору менен белгилерин айтты.
"Азыр жумушка бара жатам. Жумушум бүткөн соң досторум менен тосом. Эң эле алгачкылардан болуп классташ балам куттуктады. Туулган күнүм майрамга туш келгендиктен, элдин баары менин туулган күнүмдү белгилеп жатышкандай", - деп тамашалады Алымбаев.
Мындан сырткары ырчы окурмандарды куттуктады:
"SUPER.KG порталынын окурмандарын бүгүнкү Нооруз майрамы менен куттуктайм. Бакубат жашоо, токчулук, молчулук, чың ден соолук каалайм. Элибизде тынчтык болсун".
21-марттын жылнаамасы.