ЖЫЛНААМА, 22-МАРТ: 122 жыл мурун Парижде дүйнөдөгү алгачкы кинотасма көрсөтүлгөн

Мындан 122 жыл мурун, 1895-жылы 22-мартта Париж шаарында "Жумушчулардын ишканадан чыгышы" деген аталыштагы алгачкы кинотасма тар чөйрөдө көрсөтүлгөн. Узактыгы 1 мүнөткө созулган даректүү фильмдин режиссёру, оператору жана продюсери Луи Жан Люмьер болгон.

Бул окуяга чейин ага-ини Луи жана Огюст Люмьерлер өздөрү ойлоп табышкан "Синематограф" аппаратына патент алышкан.

Бирок кинонун туулган күнү деп 1895-жылдын 28-декабрын аташат. Себеби ушул күнү Капуцинок бульварында бир тууган Люмьерлер калың элге дүйнөдөгү алгачкы кыска метраждуу тасманы - "Ла Сьота бекетине поезддин келиши" деген тасмасын көрсөтүшкөн.

22-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан