Өткөн суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
21-март күнү саат 16:00 чамасында Ноокат районунун Гулистан айылындагы эки кабаттуу шифер жабылган бастырмадан өрт чыккан. Андан 50 чарчы метр чатыры, 2 тонна жыйылган чөп, 50 түк саман күйгөн. Өрт отко этиятсыздык мамиле кылуудан улам келип чыккан.