Мындан 16 жыл мурун, 2001-жылы 22-мартта америкалык мультипликатор Уильям Ханна 90 жашында Лос-Анжелесте каза тапкан. Ал 1910-жылы 14-июлда Нью-Мексико штатындагы Мелоуз аймагында жарык дүйнөгө келген.
Уильям Ханна жана аниматор Жозеф Барбер "Том менен Жерри" мультсериалынын башкы каармандары Том менен Жерринин "аталары" катары белгилүү болушкан. Экөө "Hanna-Barbera" компаниясын негиздешип, "Флинстоундар", "Скуби-Ду" жана башка ондогон белгилүү мультфильмдерди жаратышкан.
"Том менен Жерри" мультсериалы 1940-жылдан бери экрандан түшпөй келген. Томду сүрөтчү Ирвин Спенс күзгүдөн өзүн карап, мимика, кыймылдарын көрүп тарткан. Ал эми чычканды Кеннет Мьюс тарткан. Томдун 1-сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин гана персонаждардын атын өзгөртүшкөн. Мультфильмдин күйөрмандарынан келген каттарга ал кезде аты чыга элек актёр Жек Николсон жооп берип турган. 2001-жылы Уильям Ханна каза болсо, 2006-жылы Жозеф Барбер каза таап, бирок алардын сериалы узак убакытка шедеврге айланган.
22-мартка карата жылнаама.