Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 22-мартта советтик жана орусиялык атактуу ырчы, СССРдин Эмгек сиңирген жана Эл артисти деген наамдарына татыктуу болгон Валентина Толкунова мээсиндеги рак шишигинен улам дүйнөдөн кайткан.
Валентина Толкунова Краснодар крайынын Армавир шаарында 1946-жылы 12-июлда туулган. Музыкага кызыгуусу балалык чагынан эле башталган. Мектепте окуп жүргөн кезинде алгач балдар хорунда, кийинчерээк темир жолчулардын борбордук үйүнүн ансамблинде ырдай баштаган. Москва мамлекеттик искусство институтунун дирижёр-хордук бөлүмүндө билим алып жаткан учурда вокалдык-инструменталдык оркестрде сынактан өтүп, ошол жерде джаз инструменталдык музыкасында ырдаган жана солист-вокалист катары 5 жыл бою эмгектенген. В.Толкунованын популярдуулугу Владимир Шаинскийдин "Ах, Наташа" аттуу ырын ырдап чыккандан башталат. Мындан сырткары ырчы "Кичинекей станцияда турам", "Күмүш той", "Апа, мени менен сүйлөш", "Кетирекей мурундуу", "Мурда кайда элең", "Эски сөздөр", "Эгерде согуш болбогондо", "Ар дайым ыр", "Мен айылдыкмын", " Биз кайыкта сүздүк" жана башка көптөгөн белгилүү ырларды аткарган.
"Портто", "Простоквашинодо кыш" мультфильминде "Эгер кыш болбосо" ырын, ошондой эле "Түнүңөр бейпил болсун, бөбөктөр" көрсөтүүсүндө "Чарчаган оюнчуктар уктап жатышат" ырларын ырдаган.
Жеке жашоосу
В.Толкунова 19 жашында өзүнөн 18 жашка улуу композитор жана дирижёр Юрий Саульский менен баш кошуп, 6 жылдан кийин ажырашып кетишкен. Арадан 3 жыл өткөн соң журналист Юрий Папоровго турмушка чыгып, экөө Николай аттуу уулдуу болушкан.