4-майда Бишкек - Токмок багыты боюнча веложүрүш болуп өттү. Тактап айтканда, бишкектик велосүйүүчүлөр саат 10:30да шаардагы айланып өтмө жолдун (объездная) Кант шаарына бурулган жеринен баштап Токмок шаарындагы Бурана мунарасына чейин велосипед тээп барышты. Иш-чарага 100дөй адам катышты. Жүрүшчүлөр Токмокко жете бергенде токтошуп, тамактанууга да үлгүрүштү. Марага жеткенде катышуучулар Бурана тарыхый комплекси менен таанышып чыгышты. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, коомдук ишмер Атай Садыбакасовдун айтымында, веложүрүшкө катышууну каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө.
“Биз болжол менен 60тай адам катышат деп ойлогонбуз, чындыгында, андан эки эсе көп болду. Интернеттеги жарыядан окуп, Казакстандын Алматы шаарынан да 1-2 адам келип катышты”,- дейт ал. Веложүрүшчүлөрдүн эң жашы 4 жашта болсо, эң улуусу 65 жашта болду. Сергек жашоого үндөөнү максат кылган мындай иш-чараны өлкөнүн башка облустарында өткөрүү пландалгандыгын кошумчалашты уюштуруучулар.