Футзал боюнча өлкө биринчилиги жыйынтыкталып, анда мыкты оюнчулар аныкталды. Футбол федерациясы билдиргендей, чемпион аталган “ЕREM” командасынын чабуулчусу Максат Алимов Суперлиганын мыкты оюнчусу деп табылды. Белгилей кетсек, “ЕREM” командасы финалда “Мурасты” жеңип алган.
“Мыкты дарбазачы” наамы "Мурас" командасынын оюнчусу Виталий Зубаревге ыйгарылды. “Алга” командасынын оюнчусу Руслан Гафуров чемпиондуктун мыкты коргоочусу деп табылса, "Востокэлектро" командасынын оюнчусу Сыргак Молубаев мыкты чабуулчу аталды. Суперлиганын алкагында 29 гол киргизген Руслан Ермеков (“Мурас”) “мыкты бомбардир” наамын алды. "EREM" командасынын машыктыруучусу Абдыраимов Данияр мыкты машыктыруучу аталды.
Ошондой эле жеңүүчү командаларга Футбол федерациясы тарабынан акчалай сыйлык берилди. 1-орунду алган "EREM" командасына 150 миң сом, 2-орунга "Мурас" клубуна 120 миң сом, 3-орунду алган "Востокэлектрого" 100 миң сом, 4-орунду камсыздаган "Алгага" 80 миң сом тапшырылды.