"Азаттык медиа" мекемесинин ("Азаттык" радиосу) жана "ПроМедиа" коомдук фондунун (Zanoza.kg сайты) банктагы эсептери камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта аталган басылмалар өз сайттарында жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, тиешелүү аныктама Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 14-мартта кабыл алынганы басылмаларга бүгүн, 22-мартта белгилүү болду. "Анда Башкы прокуратура президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо тууралуу сотко кайрылганына байланыштуу арыздануучунун өкүлү "Азаттыктын" болгон мүлкүн жана акча каражатын камоо арызы менен кайрылганы айтылат. Судья Жылдыз Жумабаева бул арызды канааттандырып, "Азаттык медиа" мекемесине таандык банктык эсептерин жана башка эсептер тууралуу маалыматты талап кылуу, 10 миллион сомдун чегиндеги каражатты камакка алуу тууралуу аныктама кабыл алды. "Азаттык" радиосунун эсебинде анчалык каражат жок болгондуктан, азырынча бардык операцияларга чектөө киргизилди", - деп жазды "Азаттык".
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура тарабынан “Азаттыктан” 20 миллион сом, “Занозадан” 12 миллион сомдук компенсация өндүрүп берүү боюнча сотко арыз тапшырылган.