Мындан 143 жыл мурун, 1874-жылы 22-мартта АКШнын Нью-Йорк штатынын Стейтен Айленд аймагындагы крикет жана бейсбол боюнча клубдун аянтчасында дүйнөдөгү алгачкы чоң теннис оюну өткөрүлгөн. Андан бир ай мурун теннис ойнолуучу аянтча - корт патенттелген.
Теннистин келип чыгуу тарыхы байыркы заманга барып такалат. Айрым маалыматтарга караганда, илгери римдиктер жана гректер бири-биринен алыс аралыкта туруп, топту колу менен же таяк менен уруп ыргытып, тенниске окшош оюнду ойношкон. Ал оюнду италиялыктар "жидоко" деп атап коюшкан. Бирок ага карабастан теннис Францияда пайда болгон деп айтылат. Себеби анын өнүгүшүнө француздардын салымы чоң болгон.
22-мартка карата жылнаама