Мушкер Бектур Мангиев эрежесиз эр уруш мелдештерин уюштурган "ONE Fighting Championship" уюму менен келишим түзөт

Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Бектур Мангиев эрежесиз уруш боюнча Бишкекте өткөн эл аралыкMixed Silat” мелдешинин жеңүүчүсү аталып, эрежесиз эр уруш боюнча мелдештерди уюштурган Азиядагы ири уюмдардын бири "ONE Fighting Championship" менен келишим түзгөнгө мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу спортчу SUPER.KG порталына кабарлады.

Маалым болгондой, аталган мелдеште 70 килограмм салмакта күч сынаган Бектур Мангиев казак спортчусу Хазиров Мурадды жеңген. Муну менен ал "ONE FС” уюмуна тандалып алынган спортчулардын арасына кирип, июнь айында Малайзияда 8 бурчтукта беттеш өткөрөт.

Эске салсак, "ONE Fighting Championship" уюмунда 61 килограмм салмак ченинде кыргыз спортчусу Тилек Батыров беттешип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан