Кувейт мамлекетинде "Сулуу бийкеч жана түрү суук" тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 22-мартта жазып чыгышты.
Маалыматтарга таянсак, коомчулук фильмде бир жыныстуу мамилеге чакырган кадрлар бар экендигин билдирип, нааразы болушкандыктан, мындай чечим чыгарылып, тасма бет ачарынан 4 күн өткөндөн кийин экрандардан алынган.
Белгилей кетсек, "Сулуу бийкеч жана түрү суукта" Дэн Стивенс, Эмма Уотсон, Люк Эванс, Юэн Макгрегор, Иен Маккелен, Эмма Томпсон жана башкалар роль жаратышкан. Анда каардуу сыйкырчы аял Адам аттуу ханзааданы өзүн орой жана өзүмчүл алып жүргөндүгү үчүн желмогузга айлантып салат. Кайра мурдагы абалына келүү үчүн ханзаада ак көңүл болуп, сүйүп жана сүйүктүү болуусу керектелет.
Буга чейин мюзиклдин режиссёру Билл Кондон тасмада гомосексуалист ЛеФу аттуу каарман бар экендигин айтып, анын окуясы "Дисней" студиясынын тасмаларындагы бир жыныстагы мамилелерди көрсөткөн эксклюзивдүү учур болуп эcептелерин билдирген.