Волейбол боюнча улуттук курама команда 22-мартта Азия чемпиондугунда алгачкы беттешин өткөрдү. Анда үй ээси Мальдив аралдарынын волейболчулары менен ойноду. Оюндун алгачкы бөлүгүнөн тарта активдүү ойногон кыргыз спортчулары 3 партияда тең жеңишке жетишти. Эсеп 3:0 (25:22, 33:31, 25:20) болду.
Быйылкы өтүп жаткан чемпиондукта 4 өлкө күч сынашууда. Аталган эки өлкө менен кошо Непал жана Түркмөнстан курама командалары бар.
Эске салсак, 2016-жылы кыргыз волейболчулары Азия чемпиондугунун финалында Бангладешке утулуп калышкан.