Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылдын 23-мартында "Голливуд ханышасы" деген атка конгон атактуу америкалык актриса Элизабет Тейлор 79 жашында дүйнө менен кош айтышкан. Актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты белгиленген убакыттан 15 мүнөт кеч башталган. Анткени тирүү кезинде Элизабеттин бардык жерге 15 мүнөт кечигип баруу адаты болгон. Андыктан маркум менен коштошууну да кечиктирип баштоону өзү керээз кылып айтып кеткен экен. Акыркы керээзинде ал жөөттөрдүн диний жөрөлгөсү менен жерге берүүнү жана эстелигине "Жашоонун ар бир көз ирмеми үчүн рахмат" деген сөздү жазып коюуну өтүнгөн. Актрисанын сөөгү "Форест Лоун" деп аталган көрүстөндө, көп жылдар бою дос болушкан поп-музыканын падышасы Майкл Жексондун мүрзөсүнүн жанына коюлган.
Э.Тейлор 1932-жылы 27-февралда Лондон шаарында туулган. Анын үй-бүлөсүнүн досу Элизабеттин актрисалык талантын байкап, 9 жашында кино дүйнөсүнө алып келген. Тейлор өмүрүндө 69 тасмада роль жаратып, эки жолу "Оскар" сыйлыгын алган. Актрисанын жылдызы 1950-1960-жылдары өзгөчө жанган. 1961-жылы Египет ханышасы Клеопатранын ролун жаратып, дүйнөлүк атактуулукту багынткан. Ал кино тарыхында гонорары миллион долларды чапчыган алгачкы актриса катары калган.
Тейлор тартылган тасмалар: "Клеопатра" (1963), "Баттерфилд 8", (1960-жыл. "Оскар" сыйлыгын алган тасма), "Виржиния Вульфтан ким коркот?" (1966-жыл. "Оскар" сыйлыгын алган), "Айвенго" (1952), "Бум" (1968), "Сандпайлер" (1965), "Элизабет Тейлор Лондондо" (1963) жана башкалар.
Акыркы жылдары актрисанын жашоосу тынч агымга түшкөн. Мисалы, 2003-жылы улуттук Кино академиясынын жыл сайын тапшырылчу 75-аземине келүүдөн баш тарткан. Баш айланткан атактуулук актрисага пайдасынан залалын көп тийгизген. Учурунда ичкиликке берилип, баңгизат да колдонгону анын ден соолугун жабыркатат. Жүрөгүнө бир нече жолу операция жасалып, тери рагынан жабыркайт. Эки бутуна жасалма муундар коюлуп, акыркы күндөрүндө коомчулукка майыптардын арабасында отуруп калган калыбында чыгууга мажбур болгон.
Жеке жашоосу
Актриса 8 жолу турмушка чыккан деп айтылат. Бир жолдошу менен эки ирет никеге турган. Ал эми анын эң акыркы жолдошу өзүнөн 29 жаш кичүү болгон. Э.Тейлор чындап сүйгөн мырзаларына гана турмушка чыккандыгын айткан.
Ал Конрад Хилтон (1951-1952), Майкл Уилдинг (1952-1957), Майкл Тодд (1957-1958), Эдди Фишер (1959-1961), Ричард Бёртон (1964-1974,1975-1976), Жон Уорнер (1977-1982) жана Ларри Фортенски (1991-1996) деген мырзалар менен турмуш курган.
Экинчи никесинен Майкл Говард (1953) жана Кристофер Эдвард аттуу уулдары, үчүнчү никесинен Элизабет Френсис (1957) аттуу кызы төрөлгөн. Актриса 5-жолдошу менен турмуш куруп жатканда Мария аттуу кызды багып алышкан.
1963-жылы Энди Уорхол аттуу сүрөтчү актрисанын сүрөтүн тартып, 2011-жылы майда ал 26,9 миллион долларга сатылган. Ошол эле жылдын 14-декабрында Э.Тейлордун башка портрети 662 миң долларга сатылган.