Ат-Башыда мал издөөгө чыккан 47 жаштагы адам кар көчкү алдында калып каза болду

Ат-Башы районунда Казыбек айыл аймагындагы Шырыкты ички кыштоосуна 21-мартта 1970-жылы туулган Т.А. (эркек киши) мал издеп чыгып, кар көчкүнүн алдында калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 23-мартта кабарлады.

Учурда көчкүнүн көлөмү такталууда.

"22-мартта туугандары жана малчылар издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 11:40 чамаларында жансыз денесин табышкан. Сөөгү өзү буга чейин жашап келген Казыбек айыл аймагынын Жаңы-Күч айылына жеткирилип, туугандарына өткөрүлдү", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ukmuw-ukmuw
2017-03-23 13:12:02
Ыйманы саламат болуп жаткан жери жайлуу болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан