Ысык-Ата районунда 5 жаштагы кыздын дайынсыз жоголгону боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда 7-март күнү саат 07:00 чамасында Ивановка айылында 2012-жылы туулган Лидия Кашкарова аттуу кичинекей кыз дайынсыз жоголгон. ӨКМнын №21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кызды издөөгө чыгышкан, бирок табылган эмес. Ал эми 16-март күнү Ысык-Ата РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.