Бишкекте сумо боюнча биринчиликтин жеңүүчүлөрү аныкталды

Арча-Бешик конушунун салматтыкты чыңдоо комплексинде Бишкек шаарынын сумо боюнча биринчилиги өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-мартта кабарлады.

Биринчиликке 1999-2001-жылкы жана андан жаш балдар катышышкан. Мелдешти мэрия жана Сумо ассоциациясы уюштурган.

"Турнир сумону жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле күчтүү спортчуларды аныктоо максатында уюштурулган. Мелдешке Бишкек, Кант, Талас, Нарын шаарларынан жана Чүй облусунан 80ден ашуун спортчудан турган 16 команда катышты. Биринчилик жеке жана командалык эсеп боюнча, 15 салмак категорияда өттү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан