Токмок шаарынын тургунун кыйноого алган эки милиция кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 27-октябрында Токмок шаарында "милиция кызматкерибиз" деп тааныштырган эки адам А.К. аттуу жергиликтүү тургунду кармап, ИИМдин имаратына алып келишкен. Кийин 30 миң доллар карыз акча боюнча көрсөтмө алыш үчүн, аны кыйноого алышкан.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иш тергөө үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.