МЕДИА-ПОРТАЛ: "Бактым тоодой ушундай" жаӊы ырыма кайрадан толук метраждуу клип тартуудабыз" дейт ырчы Назми

Жаздын келиши менен чыгармачылыкка жаӊы дем, өзгөрүүлөр менен киришкен ырчы Назми өткөн жумада күйөрмандарына "Бактым тоодой ушундай" жаӊы ырын жана ага тартылган клибин тартуулаган. Ырчы болгону ырды колдоо максатында сюжети жок трек клип тартканын айтып, учурда кайрадан башкача клип тартып жатканын билдирди.

"Бактым тоодой ушундай" ырынын премьерасында чыгармага колдоо катары жана "жалгызсыратпоо" үчүн жөнөкөй эле трек клип студиянын ичинде тартылган. Радио менен телевидениеден бир учурда көрсөтүү, таратуу максатында. Музыкант жигиттер берилүү менен ойноп беришкен. Учурда башка толук метраждуу клип тартып жатабыз. Буюрса, бир айдан кийин жаӊы эмгегибиз даяр болгондо күйөрмандарыбызга тартуулайбыз", - дейт ырчы Назми.

Анда Назминин "Бактым тоодой ушундай" ырынын биринчи клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AzKumFerDan
2017-03-23 20:46:21
Не кереги бар деймда акча коротуп.биринчи клиптти ырды коруп угушту хит даражасына чыкпады болуш керек.Андан коро акчаны башка нерсеге жумшаса болмок.мисал балдар карыялар уйуно дегенде!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан