7 дубанды даңазалаган "Уламыштар" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү

Бүгүн, 23-мартта Бишкектеги Кино үйүндө Кыргыз мамлекетинин 7 дубанындагы кооз, тарыхый жерлерди даңазалаган "Уламыштар" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Көрүнүктүү кино сынчылар, манасчылар, актёрлор, Геннадий Базаров, Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер-Нияз өңдүү белгилүү кинорежиссёрлор катышкан бул иш-чарада тартуучу топко жана актёрлоруна, демөөрчүлөрүнө грамоталар, дипломдор тапшырылды. Ошондой эле башкы ролду жараткан актёр Адилет Усубалиев "Кыргыз киносунун отличниги" наамына татыды.

Тасманын башкы продюсери Самат Ибраев: "3 жыл мурун Шанхай шаарында өткөн Кытайдагы кыргыз жаштарынын курултайына катышкам. Анда чогулушка катышкан жаштар Кыргыз өлкөсүнүн туризмин жарнамалай турган, облустардагы керемет жерлерди чагылдырган тасма тартууну сунушташкан. Биз каржылык жактан колдоо көрсөтүп, жаштар эки жумада 7 облусту кыдырып тасма тартып келишкен. Аны алгач жогорку окуу жайларда көрсөтүп, студенттер тарабынан жылуу кабыл алынган. Мындан улам чакан тасманы көркөмдөп, "Уламыштарды" тартууну чечтик. Максатыбыз - мамлекетибиздин туризм багытын өнүктүрүүгө салым кошуу, жарандарыбыздагы патриоттук сезимди ойготуу", - деп билдирди. Ибраев фильмди тартууга 15-20 миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталганын кошумчалады.

"Уламыштардын" режиссёру Мурат Мамбетов тасма тууралуу: "Фильм 7 аймакта тартылганы үчүн тартууда кыйынчылыктар болбой койгон жок. 9 айга чукул убакыттын ичинде тартып бүтүрдүк. Тасма аркылуу көрүүчүлөргө: "Пайдалуу иш кылгың келсе, сөзсүз эле чет өлкөгө барып эмес, өз мекениңде максаттарыңды ишке ашырып, алгылыктуу иштерди жасасаң болот" деген ойду берейин дегенбиз", - деп билдирди.

Фильмдин сценарийинин автору, аткаруучу продюсери Чыңгыз Исмаилов тасмадагы башкы ролдордун бирин аткарган. Анын айтымында, "Уламыштардагы" актёрлордун 90 пайызы биринчи жолу тасмада роль жараткандар.

"Кыргыз жеринде жашап туруп өлкөбүздөгү көптөгөн кооз жерлерди көрбөгөндөр аябай көп. 2015-жылы Кыргыз мамлекетин кыдырып чыгып, ушул сценарийди жазуу идеясы оюма келген. Фильмдин сценарийин жазууда манасчылар, жергиликтүү тургундар менен кеңешип, уламыштарды терең изилдедик", - дейт ал.

Кинодо Адилет Усубалиев, Бегимай Ботоярова, Урмат Бакытбеков, Чыңгыз Исмаилов жана Тургунай Эркинбековалар башкы ролдордо ойногон.

Тасмада башкы каармандын сүйүктүүсү өз өлкөсүнөн Америкага кетип калат. Мындан улам сүйгөн кызынан алыста калган жигит аны кайра Кыргыз мамлекетине алып келүүнүн жолун издеп, достору менен 7 дубанды кыдырып, кызыктуу, эсте каларлык окуяларды башынан өткөрүшөт. Саякатка чыккан достор 7 облустагы тарыхый жерлердин уламыштарына күбө болушат.

Бишкекте "Уламыштар" тасмасынын бет ачары болду
7 дубанындагы кооздугу "Уламыштар" тасмасында көрсөтүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан