21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү оюнун көрүү үчүн күйөрмандардын темир аркага чыкканы боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"Аккуланын" аянты 57,4 гектар жана 3-4,5 миң адамга ылайыкталган. Бул ат майдан учурда көрүүчүлөрдүн коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу акыркы 5-6 жыл ичинде "Аккуланын" жетекчилигине айтылып келген. Ат майдандын аймагы бийик эмес тосмо менен тосулган. Бирок уюштуруучуларга баары бир экен. Белгилей кетсек, күйөрмандарды ат майданга өткөрүү жана билеттерди текшерүү милдети Көк-бөрү федерациясынын моюнунда", - деп айтылат билдирүүдө.
Ага ылайык, шаардык милиция кызматкерлери Нооруз майрамы күнү Бишкектин бир топ аймактарында коомдук тартипти камсыз кылышкан. "Көк-бөрү оюнунун жүрүшүндө бир да кылмыш, бир да мушташ катталган жок. Бул иш-чараны өткөрүүдө бир гана уюштуруучулардын начар иштегенин эмес, жарандардын жана шаардын конокторунун адепсиздигин да баса белгилеш керек. Алар милиция кызматкерлеринин эскертүүлөрүнө карабай адепсиз иш-аракеттерди жасашкан. Буга карабастан учурда ИИМдин Ички коопсуздук кызматы майрам күнү иштеген милиция бөлүмүнүн башчыларынын үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүүдө", - дешти Бишкек ШИИББинен.
Айта кетсек, 21-мартта аталган ат майданда адамдардын саны абдан көп болгон. Ал жакта жалгыз гана Бишкек шаарынын тургундары эмес, атайын оюнду көрөбүз деп өлкөнүн бардык аймактарынан келген адамдар да болгон. Болжол менен ат майдандагы көрүүчүлөрдүн саны 23 миңге жакын болгону айтылган. Көк бөрү боюнча мелдештин финалы өтүп жатканда айрым көрүүчүлөр майданга чейин чыгып жатышкан. Улакчылар атты башкара албай адамдарды тебелетип кетиши толук мүмкүн болгон абал түзүлгөн.